Европанын аймагында коронавирус күз айларында эле башталган болушу мүмкүн. Мындай пикирди франциялык дарыгер Ив Коэн айтып чыккан.
Маалыматта дарыгер күз айларында пневмония диагнозу коюлган бейтаптардын анализдерин кайрадан текшерип чыкканы айтылат.
"Текшерүүгө алынган 14 анализдин ичинен бир адамдын анализинен COVID-19 инфекциясы табылган. Ал 53 жаштагы эркек адам, ооруканага 27-декабрда түшкөн. Бул маалда Кытай жаңы вирус тууралуу маалымат билдире элек болчу. Мындан тышкары Франциянын Кольмар шаарындагы ооруканада эмгектенген дарыгерлер күз айында дарыланып чыгышкан бейтаптардын өпкөсүнүн рентген сүрөттөрүн жарыялашкан. Анда дагы бир адамдан COVID-19 инфекциясынын белгилери байкалган. Жыйынтыгында эки жактын тең адистери Францияга коронавирус ноябрь айынын ортолорунда эле келиши мүмкүн деген бирдиктүү тыянак чыгарышкан", - деп жазылат маалыматта.
Ив Коэн Париждеги Авиценна атындагы ооруканада хирург: "Биз Европада коронавирус жуктуруп алганы аныкталган биринчи адам 2020-жылдын 24-январында катталды деп ойлоп жүргөнбүз. Бир канча илимий текшерүүлөрдүн жыйынтыгы бул теорияны жокко чыгарып жатат. Вирус декабрь айларында активдеше баштаган. Анын февраль-март айларында тездик менен жайылып кетиши буга далил".