Вице-премьер: "Өлкөгө жалпысынан 243 миллион доллар каражат жардам иретинде келип түштү"

Өлкөдө коронавирус катталгандан бери жалпы 243 миллион доллар каражат жардам иретинде көрсөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда вице-премьер-министр Эркин Асрандиев брифингде айтты.

"Чек аралар жабылып, өзгөчө абал, өзгөчө кырдаалдан улам ишканалар ишин токтотуп, экономика зыянга учурады. Бюджетке пландалган суммадагы каражат түшпөй калды. Импорттун 70 пайызы Кытайдан келчү, чек аранын жабылышы ички өндүрүшкө дагы таасир этти.

Мамлекеттик бюджетке өзгөртүүлөр киргизилет. Ички дүң продукциянын өндүрүшү кыскарат. Буга байланыштуу чыгашалар дагы кыскартылууга тийиш. Мисалы иш сапарларга баруулар, унааларды сатып алуулар кыскартылат. Ал эми жөлөк пул, пенсия, социалдык төлөмдөр мурдагыдай эле көлөмдө берилет", - деди Асрандиев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
titanik32
2020-05-15 16:28:04
Жогорку жактагылар жок дегенде ар бирин эч кимге айта экей жок деп ар бирин 1 млн доллардан сол чөнтөккө урдурсанар керек ээ.
+3
tilek121277
2020-05-15 16:34:48
titanik32,точно ччонтокко кирип кетти
+2
yars2017
2020-05-15 21:46:47
ушуну болсо да алып турушсун эми биздин мите курттар дагы келип калаар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан