"Ынтымакта жашайлы". Комендант үй-бүлөлүк зомбулук фактылары өсүп кеткенин айтты

Өзгөчө абал режими киргизилгенден бери борбор калаабызда үй-бүлөлүк зомбулук фактылары өсүп кетти. Бул тууралуу шаар коменданты Алмазбек Орозалиев онлайн брифинг учурунда айтты.

"Өзгөчө абал режими киргизилгенден бери үй-бүлөлүк зомбулук фактылары былтыркы жылга салыштырмалуу 61,7 пайызга өсүп кетти. Анткени былтыр 24-марттан 24-апрелге чейинки убакытта 100 факты катталса, быйыл 162 факты катталды. Азыркы учурда баарыбыз үй-бүлөбүз менен үйдө отурабыз. Ошондуктан үй-бүлөбүздү ар кандай зомбулуктан сактап, ынтымакта жашасак, бул оор күндөр да өтүп, жакшы жашоого багыт алабыз", - деп билдирди комендант.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zamir_kgz
2020-04-24 12:39:15
Эртерээк аракет кылгыла элдер 5-6 дан ажырашышып кайра жарашып бутушту.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан