Учурда өлкө боюнча эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Ооруканалар менен обсервацияларда орундун жетишсиздиги байкалып, көп адамдар медициналык жардам ала албай убара. Март айында тутанган COVID-19 илдетине кошумча пневмония күч алып, андан каза тапкандардын саны жалпы 268 адамды түздү. Ал эми коронавирустан дарыланып жаткандардын ичинен март айынан бери жалпы 112 адам көз жумду.
Абалга жараша үйдө дарылангандар көбөйдү. Бирок көпчүлүк жарандарда маалымат жок. Ар кайсы булактан алган кеңештерди угуп, өздөрүнө жана жакындарына жардам берүүгө мажбур.
SUPER.KG порталы азыркы жүрүп жаткан пневмония COVID-19дун бир түрүбү же өзүнчө оорубу, пневмониянын өрчүшүнө кандай факторлор таасир берди жана андан сактануунун жолдору барбы деген суроолор менен №1 шаардык клиникалык ооруканасынын пульмонологу Замира Отонбаевага кайрылды.
- Саламатсызбы Замира Низамидиновна. Соңку жарым жыл ичинде коронавирус тууралуу маалымат кенен жайылып, пневмония тууралуу эч кандай маалымат жок болууда. Пневмония деген бул кандай оору? Ал кандай учурда өрчүйт, анын симптомдору кандай, ал жугабы?
- Пневмония - бул өпкөнүн сезгенүүсү. Ал адам суукка катуу урунганда, витаминдин жетишсиздигинен, нымдуу жерде көп жүргөндө же ным, сыз үйдө жашагандарда, сасык тумоодон жакшы айыкпай калганда пайда болот. Негизи эле пневмония бул кан алмашуу адаттагыдай болбой калганда келип чыккан оору. Демек көп кыймылдап, таза абада жүрүү керек. Анын алгачкы белгилеринде адам чыйрыгат, тердейт, бир нече сааттан кийин адамдын дене табы 40 градуска чейин көтөрүлүшү мүмкүн, тамакка табити жоголот, дем алуу кыйындайт, энтигүү пайда болот.
Ооба, пневмония адамдан адамга жугат. Бирок анын жугуп калуу тобокелдиги пневмониянын түрүнө жараша болот. Пневмониянын өрчүшүнүн этиологиялык факторлоруна вирустар менен бактериялар кирет.
- Азыркы жүрүп жаткан пневмония бул коронавирус козгогон эле дартпы? Анда эмне үчүн штаб пневмонияны коронавирус деп эле атабай жатат? Айырмасы эмнеде?
- Азыркы жүрүп жаткан ооруканадан сырткаркы пневмония дегенибиз - бул үй шартында жуккан пневмония. Себеби госпиталдык пневмония деген дагы түрү бар. Бул илдет өтө жугуштуу жана коркунучтуу COVID-19 инфекциясы козгогон оорудан улам келип чыккан пневмония. Бул коронавирус жогорку дем алуу органдарынан төмөнкү дем алуу органдарга түшүп кетип, бир гана өпкөнү эмес, бардык органдарды жабыркатып жатат дегенди түшүндүрөт. Медициналык тил менен айтканда, азыр пневмония эмес, пневмонит жүрүп жатат. Жөнөкөй тил менен түшүндүргөндө, биз дем алганда аба бронхторго барат. Бронхтор бутак сыяктуу бронхиолдорго бөлүнөт. Бронхиолдордун учунда кичинекей кап сыктуу альвеолдор жайгашкан. Мына ошол альвеолдор аркылуу аба канга өтүп, андан көмүр кычкыл газы бөлүнүп чыгып кетет. Пневмотитте канга аба өтпөй калат да, кычкылтектин жетишсиздиги жүрөт. Мындай учурда тромб пайда болуп, кан коюлуп, бейтаптын абалы оорлошуп кетүүдө. Ошондуктан азыркы пневмонияны дарылоо алгоритми кадимки пневмонияны дарылоо алгоритмине ылайык жүргүзүлбөйт. Бул жерде кандын коюланышын алдын алуу үчүн антиагреганттар+антикоагулянттар берилет. Мисалы тромб пайда болбошу үчүн гепарин препараты берилет.
Штаб тарабынан статистиканын өзүнчө берилип жатканы ПЦР-анализинен коронавирус аныкталбай жатканында деп ойлойм. Айырмасы ушул анализден аныкталбай жатканы эле болбосо, COVID-19 менен ооруканадан сырткаркы пневмонияны бөлүп кароого болбойт.
- Пневмониянын алгачкы симптомдору байкалары менен андан ары курчуп кетпеши үчүн адегенде эле эмне кылуу керек? Бактерияга каршы антибиотиктерди ичип баштоо керек деген туурабы? Негизи эле пневмония болбоо үчүн кандай профилактика керек?
- Эгер коронавирустун жеңил формасы менен ооруп калса, үйдөн дарыланса болот. Жеңил формасына беш күндөн ашпаган жогорку дене табы, алсыздануу, жыт, даам сезбей калуу, жана сасык тумоонун белгилери кирет. Бул жерде организмде жүрүп жаткан белгилерге жараша симптоматикалык дарылануу жүргүзүү керек:
Ушундай калыпта беш күн дарыланса болот. Эгер ошол убакыт аралыгында дене табы дагы деле жогору болуп, басып жүргөндө же отурганда деле дем алуу кыйын болуп жатса, дарыгерге көрүнүү керек.
Пневмониянын алдын алуу үчүн туура тамактануу керек, кайнатылган суу ичкиле, имбирь кошулган чай ичкиле. Таза абада көп жүрүү керек, кыймыл-аракет көп болушу шарт, колдон келсе дене тарбия гимнастикасы менен дем алуу органдарынын гимнастикаларын жасап турса пайдалуу. Өпкөгө чаң көп кирбеши керек. Калгандары элементардуу эле нерселер жашаган жериңерди бат-баттан желдетип, кургак, таза кармоо, гигиенаны сактоо.
- Пневмониянын кайсы симптомдору пайда болгондо ооруканага жетип баруу керек?
- Эгер жөтөлгө кошулуп какырык, жашыл ириң чыга баштаса, дем алуу өтө оорлошуп кетсе стационар шартында гана дарылануу керек болуп калат.
- Пневмония болуп жаткан бейтапка эмне кооптуу? Үйдө дарыланууда кандай дарыларды ичүүгө болот жана болбойт?
- Пневмонияны үйдө дарылоого болбойт. Жогоруда айткандай, коронавирустун жеңил түрүн үй шартында беш күнгө чейин дарыласа болот. Анткени ал курч респиратордук оорунун бири катары кабылданып жатат. Бирок ошондо деле белгилер кетпесе, дарыгерге кайрылгыла. Ал эми пневмониянын белгилери байкалары менен эч болбогондо, аймактык дарыгерден консультация алгыла. Өз алдынча дары же антибиотик ичип, дарыланганга болбойт. Айрымдары сасык тумоого деле аспирин ичип жатыптыр, аспирин пневмония болгондо дарылоо курсуна кошулуп жазылып берилип жатат.
- Акыркы кезде пневмониядан улам каза тапкандардын арасында жаштар дагы болуп жатат. Эмне себептен жаш организм пневмонияны көтөрө албай жатат?
- Себеби алар ооруну өрчүтүп жиберишкен. Оору өтүшүп кеткенде антибиотиктер жардам бербей калат. Түшүнөм азыр ооруканада киши көп, дарыгерлер жетишпей жатат. Бирок азыр карантин маалындай эмес, жолдор ачык, бардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору иштеп жатат. Оорунун белгилери байкалары менен жок дегенде консультация алып туруп, дарылангыла. Ден соолук үчүн күрөшүү керек. Бизде көбүнчө такыр эле чыдатпай калганда кайрылышат. Адамдар көп топтолгон жерге баргандан корксоңор бет кап, кол кап кийгиле, жаныңарга антисептик алып жүргүлө. Бардык коопсуздук чараларын аткаргыла бирок, ооруну күчөтүп жибербеш керек.
- Спирт ичимдигин көп ичкендер менен чылым чеккендер тобокел тобуна киреби?
- Чынын айтканда, азыркы пневмотит жаш-карысына карабай баары үчүн кооптуу. А бирок чылым чеккендер менен спирт ичимдигин көп ичкендерде оорунун жүрүшү оор өтөт. Ошондой эле өнөкөт оорусу барлар дагы тобокел тобуна кирет.
- Акырында жарандарга эмне деп кайрылып кетет элеңиз?
- Урматтуу элим, сак болгула. Зарыл иш болбосо үйдөн чыкпагыла. Азыр ар бирибиздин кыймыл-аракетибизден жалпы элдин бул абалдан чыгып кетүүсү көз каранды болуп турат. Канча айдан бери күрөшүп келе жатабыз. Кээ бир адамдар дагы деле оорунун бар экенине ишенбей, өлкөдөгү абалга баам салбай жүрөт. Интернеттеги ар кайсы такталбаган маалыматтарга ишенбегиле. Учурдагы илдет өтө жугуштуу. Андыктан бет кап кийгиле, колуңарды бат-баттан самындап жууп тургула, адамдар көп чогулган жерге зарыл болбосо барбагыла. Инфекция ар бир жерде болуп калышы мүмкүн. Оор кырдаалга карабай өзүңөрдү жана жакындарыңарды моралдык жана психологиялык жактан шыктандырып тургула. Кичинекей кезде ата-энебиз үйрөткөндөй тазалык бар жерде - дарт болбойт! Тазалыкты сактагыла!
- Замира Низамидиновна, пайдалуу кеңештериңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Ишиңиздерге ийгилик!