"Казакстанда коронавирус катталды" деген билдирүү тарап жатат. Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри элге кайрылды

"Казакстанда коронавирус катталды" деген билдирүү каттар социалдык тармактарда мессенджерлер аркылуу тарады. Анда аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус катталды дегенди танбайт деп айтылган.

Казакстандын саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов мессенджерлер аркылуу тарап жаткан билдирүү чындыкка дал келбей турганын айтып, коомго кайрылды.

"Биз коронавирус тууралуу күн сайын жаңыланган маалымат бергенибизге карабай WhatsApp аркылуу Нур-Султанда коронавирустан эки адам каза болду деген маалыматтар тарап кетти. Мындай билдирүү Алматы шаарында Кытай жарандары дарыланып жатат деген расмий маалыматыбыздан кийин чыкты. Бизде Кытай жарандары көп. Биздин максатыбыз, ишибиз вирустан коргоо менен гана чектелбейт, калкка туура маалымат берүү дагы негизги максатыбыз. Расмий билдирүүлөргө гана ишенүүгө чакырабыз", - деген министр.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Mambetali
2020-03-06 10:57:30
Качанкыга чейин жашырат экенсин бул вирус тууралуу чындык маалыматты... же ушунчалык Кытай мамлекетинен коркосунарбы...
-8
urmat94
2020-03-06 11:16:31
Mambetali,жок болсо жок дейт да адамдар эптеп эле паника кылгысы бар
+12
Muslim.azamatovich
2020-03-06 11:51:01
Mambetali,кытайдан корккону учун эмес элди паника болбосун деп жатышатда
0
katerina.li
2020-03-06 11:14:17
Кытай бизде да коп
+4
Muslim.azamatovich
2020-03-06 11:51:44
Жок эле болсун жуктургандар,,кудай сактасын!
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан