Бүгүн, 24-апрелде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков жана Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Батина Токобаева онлайн маалымат жыйын берип жатат.
Жыйында "Өткөрмө кагаздарды электрондук эмес, комендатурага барып алса болобу?" деген суроо узатылды.
"Жалал-Абадда өткөрмө уруксат кагаздарды алуу үчүн электрондук даректерди киргизгенбиз. Учурда ал толук кандуу иштеп жатат. Эпидемиологиялык абалды эске алып, комендатурага барбастан, электрондук дарек аркылуу алганга аракет кылууңуздарды суранып кетет элем. Онлайн билдирме жөнөтсөңүз, аны текшерип уруксат кагаздарды берип жатабыз. Комендатурага келип түшкөн 637 кайрылуунун ичинен 27 жаранга гана уруксат кагаздарын бердик", - деди комендант.