Дүйнө элинин үшүн алган коронавирус инфекциясынын очогу болгон Ухан шаарында аталган оору менен катуу ооруган акыркы адам айыгып чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
"Ухан шаарында жана Хубэй провинциясында коронавирус инфекциясы менен катуу ооруган бир дагы адам калган жок", - деп билдирди Кытайдын саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитетинин өкүлү Ми Фэнг.
Маалыматка ылайык, 76 күн карантинде болгон Ухан шаары 8-апрелде ачылган. Карантин убагында бул шаарда транспорттук байланыштар, анын ичинде метро, автоунаалар жана паромдор толугу менен жабык болгон. Аэропорт жана темир жол бекеттери дагы иштебей калган. Жашоочулар Ухандан атайын уруксат менен гана чыгышчу.
Акыркы маалыматтар боюнча, коронавирус инфекциясы дүйнөдө 2 миллион 732 миң 445 адамдан аныкталды. 192 миң 19 адам каза болсо, 751 миң 501 бейтап айыгып чыкты.