Бишкектин коменданты бүгүнкүгө карата абалды айтып жатып, туулган күн ээлерин куттуктады

Бүгүн, 25-апрелге карата Бишкек шаарындагы абал туруктуу. Бул тууралуу шаардын коменданты, ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев айтты. Өлкөнүн айрым аймактарына өзгөчө абал киргизилгенден тартып коменданттар жана Саламаттыкты сактоо министрлиги күн сайын жаңы абал боюнча маалымат берип келе жатышат.

"Буга сиздердин кошкон салымыңыздар чоң, дагы бир аз туруктуулук, чыдамкайлык көрсөтсөк бул абалды жеңип чыгабыз. Өзгөчө абал мезгилинде бири-бирибизди өзгөчө баалап калдык, жакындарыбызга, туугандарыбызга мамилебиз жакшы жакка өзгөрдү. Кайрымдуулар көбөйдү. Медицина, укук коргоо, социалдык тармактарда иштеген кызматкерлерге сый жогорулады. Ал эми үйүндө отургандар башка иштеп жаткан кызматкерлер сыяктуу эле оорунун жайылышына каршы өз салымдарын кошуп жатышат", - деди Орозалиев.

Сөзүнүн соңунда ал бүгүнкү туулган күн ээлерин куттуктап, каалоо-тилектерин айтты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
akmanai
2020-04-25 14:10:14
Жакшы)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан