Өлкө аймагында бир сутка ичинде 4 медицина кызматкери коронавирус илдетин жуктуруп алды. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, илдет жуктуруп алгандардын экөө Бишкек шаарында катталды. Калгандары:
Ош облусу – 1
Ысык-көл облусу - 1
Жалпысынан республика боюнча 4 миң 354 медицина кызматкеринен COVID-19 диагнозу аныкталган. Алардын ичинен бир суткада стационардан – 2 медкызматкер айыгып чыкты. Үй карантинден 3 медицина кызматкери айыгып чыкты. Республика боюнча 4 миң 269 медицина кызматкери илдеттен айыкты.