Covid-19 илдети менен ооруган кош бойлуу бейтап айыгып, ийгиликтүү үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда Covid-19 илдети менен ооруган жаш келинди дарыгерлер айыктырып чыгарышты.
Дарыланган келиндин беш айлык боюнда бар болгон. Бейтаптын айтымында, бул анын үчүнчү кош бойлуулугу, бактыга жараша коронавирус дарылоодо өтүшүп кеткен эмес.
Жаш келин стационарда 14 күндүк дарылануудан өтүп, ПЦР-анализин тапшырып, терс жыйынтык чыккандан кийин үй карантинине жиберилди.