Жалал-Абадда сутка ичинде 7 адам коменданттык сааттын эрежесин бузду, оор кылмыштар катталган жок

Бүгүн, 27-апрелде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков өзгөчө абал кирген аймактардагы кырдаал боюнча тиешелүү маалыматтарды берди.

"Өткөн суткада Жалал-Абад облусу боюнча 13 кылмыш иши катталды. Катталган кылмыштардын ичинен оор жана өзгөчө оор кылмыш иши жок. Ал эми коменданттык сааттын эрежелерин бузган 7 жаранга мыйзамдын негизинде протокол түзүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Учурда облус аймагында коомдук саясий абал туруктуу", - деп билдирди Жоробеков.

Буга чейин Кыргыз өлкөсүнүн Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак, Ат-Башы райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылганы маалымдалган.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо саат 21:00-06:00 аралыгы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан