Бүгүн, 20-июнда Москвадан Ош шаарына 325 Кыргыз жараны кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алардын ичинде кичинекей балдар дагы бар. Жарандар "Аэрофлот" авиакомпаниясынын учагы менен учуп келишти. Кайтып келүүнү каалаган жарандардын саны көп болгондуктан, тизме Москвадагы кыргыз медициналык клиникаларынын дарыгерлеринен, кыргыз диаспорасынын, Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин өкүлдөрүнөн турган комиссия тарабынан түзүлгөн. Анын ичинде кош бойлуу жана кичинекей балдары бар аялдардын, оор илдети бар адамдардын кайрылууларынын негизинде жүргүзүлгөн.
Жарандар обсервацияга жатышат.