Футбол боюнча Тажикстан чемпиондугу коронавирус пандемиясынан улам убактылуу токтотулду

Коңшу Тажикстандын футбол боюнча чемпиондугу коронавирус пандемиясынын айынан 10-майга чейин токтотулду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Футбол федерациясынын сайтына жарыяланды.

"Калктын ден соолугун жана коопсуздугун сактоо максатында коомдук жана спорттук иш-чараларды убактылуу токтотуу жөнүндө өлкөбүздөгү коронавирус илдетин алдын алуу боюнча республикалык штабдын чечимдерин биз толугу менен колдойбуз. Буга байланыштуу футбол боюнча бардык спорттук мелдештерди өткөрүүнү убактылуу токтотууну чечтик", - деп жазылган федерациянын сайтында.

Өлкө чемпиондугунун сап башын 10 упайы менен "Истиклол" командасы ээлесе, экинчи орунда ушундай эле көрсөткүч менен "Хатлон" командасы келе жатат. 8 упайы менен үчүнчү орунга "Фаизканд" командасы жайгашкан.

Эскерте кетсек, бул өлкөдө коронавирус инфекциясы каттала элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан