"Бирин атайын учак жалдап алдырып, бирин ара жолдо ачка таштаган бийлик өкүлдөрүнүн калыстыгы кайда?" дейт Соль-Илецк шаарында калган Кыргыз жараны (видео)

Дүйнө жүзүн каптаган пандемиядан улам Орусиядан Кыргыз өлкөсүнө кайтып келе жаткан Кыргыз жарандары Соль-Илецк шаарында Казакстан менен чектеш аймакта калып калышкан.

Талаа-түздө калып калган мекендештерибиздин саны 150дөн ашык, көпчүлүгү өз унаасы менен келе жаткандар. Алар буга чейин бир нече жолу бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, Казак тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алардын Кыргыз өлкөсүнө өтүп кетишине шарт түзүп берүүсүн суранышкан.

Марат аттуу окурманыбыздын айтымында, башка өлкөнүн жарандары чек арадан өтүп кетип, Кыргыз жарандары гана ошол жакта калган.

"Бул жакта жаш балдар, кош бойлуу келиндер жашы өтүп калган адамдар дагы бар. Биз бийлик өкүлдөрүнөн чек арадан өтүп кетүү мүмкүнчүлүгүн гана түзүп берүүсүн талап кылып эмес суранып жатабыз. Бул жакта калгандарынын акчасы жок калды, 1 айдан бери унааларда жашап жатабыз. Биз башкалардай болуп атайын ачкачылык жарыялабасак деле каражаттын жогунан ачка калдык. Элдер күйүүчү майга деген акчаларын коротуп жатышат. Кара курсактын айынан шаардагы күнөсканаларда ар кандай жумуштарда керек болсо жүк ташуучу болуп жалданып иштегенге мажбур болуп жатабыз", - дейт окурман.

Окурман бийлик өкүлдөрү өзүнүн жарандарына мындай кайдыгер мамиле кылып жатканына эл нааразы экенин айтты.

"Башка жактардан атайын чартердик каттамдарды уюштуруп мекендештерибизди алып кеткенин окуп, көрүп жатабыз. Биздин бийлик өкүлдөрү жарандарынын баарына бирдей мамиле кылбаганы өкүндүрөт. Биз тийиштүү органдарга жөн гана 72 сааттык коридор түзүп берүүсүн суранып жатабыз. Бул жакта калгандардын көбүнчөсү мигранттар. Алар акча салганда жакшы киши кылып макташып, анан башына кыйын күн түшкөндө кайдыгер мамиле кылган аткаминерлерге нааразыбыз", - дейт Марат.

Буга чейин бир да жолу тиешелүү органдар мекендештерден кабыр алган эмес жана алар көптөгөн кайрылууларды жасаганы менен абал эч кандай өзгөрүүсүз калган.

Айта кетсек, бүгүн, 27-апрелде Казакстандын бийлиги карантинди 11-майга чейин узартканын жарыялаган.

Орусиянын Казакстан менен чектеш жеринде калган Кыргыз жарандарынын кайрылуусу
Соль-Илецк шаарында калган мекендештерибиз
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
alishsapan
2020-04-27 18:54:34
Оо оңдоп койупсуңарго 27 апрель деп
+3
urmat94
2020-04-27 23:09:58
Чечип берип койбойсунарбы е кыйнабай
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан