Бүгүн, 9-сентябрга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 27 миллион 477 миң 49 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 18 миллион 417 миң 846 бейтап айыгып чыкса, 894 миң 830 адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 6 миллион 325 миң 586 адамдан коронавирус аныкталды. 189 миң 580 адам каза болсо, 2 миллион 359 миң 111 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 4 миллион 280 миң 422 адамдан аныкталды. 72 миң 775 адам каза болсо, 3 миллион 323 миң 950 бейтап айыкты.
Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 4 миллион 147 миң 794 адам вируска кабылган. 126 миң 960 бейтап көз жумса, 3 миллион 549 миң 201 бейтап оорудан сакайды.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.