Саясатчы Өмүрбек Текебаевдин жубайы коронавирус жуктуруп алганы айтылууда. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.
"Ата мекен" партиясынын өкүлдөрүнөн SUPER.KG порталына маалым болгондой, Айгүл Текебаева ооруканага жаткырылган, абалы канааттандырарлык.
Ал эми Өмүрбек Текебаевдин абалы жакшы, ал үйдө экендигин билдиришти.