Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы коронавируска чалдыккан бейтаптар дарыланып жаткан Ыйык Георгий ооруканасынан өрт чыгып, 5 адам каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен оорукананын алтынчы кабатында жайгашкан жандандыруу бөлүмүндөгү коронавирус менен ооруп, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылып жаткан беш адам каза болду. Ооругандарды эвакуациялоого мүмкүн болгон эмес. Өрттүн келип чыгуусуна жасалма дем алдыруучу аппараттардын биринин кыска туташуусу же иштебей калышы себеп болгондугу айтылууда.
Бул коронавирус менен ооругандар дарыланып жаткан жандандыруу бөлүмүндө катталган экинчи өрт. Буга чейин 9-май күнү Москва шаарындагы №50 шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен аппаратка туташкан улгайган аял көз жумуп, дээрлик 300 адам эвакуацияланган. Өрттүн себеби аппараттын иштебей калуусу деп да аталган.