Бишкекте коронавирус жуктургандардын кээ бири кайдан жуктуруп алганын билбей жатышканын министрдин орун басары билдирди

Бишкекте COVID-19 инфекциясынын булагын аныктай албаган учурлар катталууда. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Коронавирус оорусу менен шектелип, медициналык мекемелерге жана лабораторияларга кайрылгандар көбөйүүдө. Алар вирусту кайдан жуктургандары боюнча так маалымат айта алышпайт. Айрымдары үйүнөн эч жакка чыккан эмес болсо, кээ бирлери барган жерлерин эстей алышпайт. Мындай учурда инфекциянын булагын аныктоо мүмкүн болбой калат. Азыр коомдук транспорттор, базарлар иштеп жаткандыктан этият болушуңар керек", - деди Үсөнбаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан