Бүгүн Москвадан 358 Кыргыз жараны Ошко келет

Бүгүн, 13-июнда Москва шаарынан 358 Кыргыз жараны өлкөгө кайтып келет. Учак Ош шаарына конорун Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Учакка отурган жүргүнчүлөрдүн арасында 2 жашка чейинки наристелери менен энелер - 63, улгайган 3 аял жана 229 кош бойлуу айымдар бар. Мындан тышкары бизнес-класстан өздөрүнүн каражатына билет сатып алган 4 мекендешибиз бар. Мекенге жөнөтүлүп жаткан жарандардын тизмеси элчиликтин алдында түзүлгөн штабдын жумушчу тобу тарабынан каралып, бекитилген.

Бүгүнкү күндө өлкөгө кайтууну каалаган кыргыздар 6 миңден ашат. Мындай көп жаранды бир убакта учак менен камсыз кылуу мүмкүн эмес. Мындан улам аптасына Москва-Бишкек жана Москва-Ош багытындагы эки каттамды ишке ашыруу пландалууда", - деп билдиришти мекеменин басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Shabi
2020-06-13 11:45:00
Айланыйын москвадагы туугандар,келсенер жонле келгилечи.Фуу чаан,Москва коздон отуп жатат дебей келип алып.
+3
Rahim76
2020-06-13 19:50:08
Shabi,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан