Бүгүн, 14-майда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев онлайн маалымат жыйын берди.
Жыйын маалында социалдык, экономикалык жана эпидемиологиялык абалга байланыштуу бир катар суроолор берилди. Анын ичинен "Жалпы эл ысырапчылык жана ыксыз акча коротууларды эпидемиологиялык абал бүткөн соң кайра улантып кетпейби. Себеби алдыда айт майрамы келе жатат да?" деген суроо узатылды
"Коронавирустун келгени жалпы адамзатка берилген эскертүү болушу керек. Пандемия башталганга чейинки мезгилге баам салсак, кыргыздарда жана башка өлкөлөрдө деле ыксыз чыгымдар көбөйүп кеткен экен. Айрыкча кыргыз элинде жакшылык, жамандыкта ысырапчылык көп болуп, бул нерсени мурун деле токтотууга аракет кылып келгенбиз. Эми бул абалдан кийин эл өздөрү деле сабак алып, токтотсо жакшы болмок. Тилекке каршы азыр деле ага жол бергендер бар экен.
Оору өтсө деле кийинки жашообузду ойлоп, тартипти сактап калышыбыз керек. Обу жок чыгымдарды кетирбегенге чакырып кетким келет. Мурункудай мал-жанды той-аштарга кетирбей, аларды балдардын билимине жумшаса жакшы болот. Мисалы азыр айт келе жатат. Адамдардын массалык топтолуусуна жол берилбеши керек, андайлар көзмөлгө алынат. Бирок ошол айтта жылдык берем, аш берем дегендер чыгып жатыптыр. Аларга "адамдарды чакырбай эле, эки жылкыңды союп элге таратып койсоң болот" деп кеңеш бергендер дагы чыгып жатыптыр. Эми эгер кан чыгарып, бата алгыңар келсе, бир кой деле жетсе керек да. Андан көрө ага кеткен чыгымды балдардын келечегине, билимине, ден соолукту чыңдоого, үй-жайды оңдоого жумшоого чакырам. Ишкерлер чыгымды токтотсо, карапайым жарандар дагы токтотот эле", - дейт Узарбек Жылкыбаев