"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирустан айыккандардын саны 2 миллиондон ашты

24-майга карата дүйнө жүзүндө 5 миллион 309 миң 698 адам коронавирус инфекциясы менен катталды. Алардын арасынан 2 миллион 112 миң 96 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылса, 342 миң 78 жаран көз жумду.

Дүйнө жүзүндө коронавирус эң көп катталган АКШда 1 миллион 622 миң 605 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Андан 361 миң 239 бейтап айыгып, ооруканадан чыкса, 97 миң 87 бейтап каза болду.

Коронавирус илдетинин катталуусу боюнча экинчи орунга чыккан Бразилияда 347 миң 398 адам илдет жуктурган. Анын арасынан 142 миң 587 адам сакайып кетсе, 22 миң 13 адам дүйнө салды.

Ал эми үчүнчү орунда турган Орусияда 335 миң 882 жарандан коронавирус илдети аныкталды. Анын 107 миң 936сы сакайып, 3 миң 388и каза болду.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан