21-августта "Ош" эл аралык аэропортунда "Сибирь" авиакомпаниясынын Москва-Ош багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алышты. Жүргүнчүлөрдүн тизмеси атайын комиссия тарабынан гуманитардын критерийлер боюнча Кыргыз жарандарынын жеке арыздарынын негизинде түзүлгөн. Каттамга төрөтү жакындап калган кош бойлуу жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле оор илдети бар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, туугандарын жоготкон жана башка оор турмушка кабылган жарандар кирген.
Чет өлкөлөрдөн Кыргыз жарандарын кайтаруу боюнча мүмкүн болгон каттамдары издөө иштери улантылууда.