Коронавирусту 90 пайыз туура аныктап бере алчу ПЦР-тесттерге байланыштуу маселе чечилгени айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
Анын айтымында, буга чейин 123 миң экспресс-тест алынган. "Анын 66 миңдейи колдонулду. 82 миң ПЦР-тест сатып алынып, азыр бул боюнча маселе жок. Башында бул тесттер даяр болбой, ошого көңүл бурулбай жооптуу кызматкерлер кызматынан кеткен”, - деди өкмөт башчы.
Ошону менен катар эле премьер-министр коронавируска каршы күрөшүү боюнча атайын эсепке түшкөн 135 миллион сом түшкөнүн айтты. Каражат ооруга каршы күрөшүп жаткан тиешелүү кызматкерлердин айлыгына кошумча катары берилерин кошумчалады.