"Эл сизден ун күтпөйт, эл сизден реформа күтөт" деп бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылды.
"Өзбекстан, Казакстан миллиарддап элге жардам берип жатса, биз айла жоктон бир кап ун бергенибизди айтып жатабыз. Күн сайын бир кап ун бере албайбыз. Эл сизден ун күтпөйт, эл сизден реформа күтөт. Кризис бүтсө, биринчи кайсы тармактан реформаны баштай турганыңар тууралуу маалымат беришиңер керек", - деди ал.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев реформаны салык кодексинен баштай турганын айтты.
Учурда Жогорку Кеңештин жыйынында коронавируска каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн иштер боюнча өкмөт маалымат берүүдө.