Бишкек шаары боюнча коронавирус инфекциясы аныкталган 610 адамдын 162си шаардагы жаңы конушта жашагандар. Ошондой эле Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө коронавирус менен ооругандар эң көп катталып жатат. Бул тууралуу вице-мэр Татьяна Кузнецова онлайн брифинг учурунда айтты.
"Шаардын борбордук бөлүгүндө илдет жуккан жарандардын көпчүлүк бөлүгү кичи райондордо жашайт: 12-кичи районунда - 15 адам, Жал кичи районунда – 15 адам, Аламүдүн-1 кичи районунда – 5 адам, Фучик көчөсүндө – 6 адам жашайт", - деди Кузнецова.
Бишкек шаары боюнча коронавирус аныкталган 610 бейтап 1 миң 279 адам менен байланышта болгон.