Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан өлкө аймагында түзүлгөн COVID-19 илдетинин кескин түрдө жайылышы, эпидемиологиялык абалдын курчушуна байланыштуу айрым өзгөрүүлөр жөнүндө маалымдашты.
"Коронавирустук инфекциянын жайылып кетүү коркунучун жана өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алганда, вирустун жаза аткаруу мекемелеринде жайылышына жол бербөө максатында, "Шектүү жана айыпталган адамдарды кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесине ылайык, Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын мекемелеринде камакта кармоонун өзгөчө режими киргизилди", - деп маалымдалат.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын буйругуна ылайык, ПЦР-анализ таза чыкса түрмөлөрдө отурган адамдар менен жолугушууларга жол берилет. Бул талап Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жайларына барууну каалаган адамдардын бардыгына жайылтылат.
"Бирок буга карабастан, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринде кармалган адамдардын коопсуздугу үчүн бардык жарандарды убактылуу жолугушуулардан баш тартуусун өтүнөбүз. Ушуга байланыштуу пенитенциардык кызматтын мекемелеринде соттолгондорго туугандары менен видео байланышты түзүү үчүн шарттар түзүлгөн. Мындан тышкары Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринде кармалган жарандарга азык-түлүк жана башка эң керектүү нерселерди берүү атайын тартипте жүргүзүлө берет", - деп айтылат ЖАМКтын маалыматында.
Ушул жылдын 30-июнуна карата пандемия учурунда ЖАМК кызматкерлеринин арасында COVID-19 инфекциясынын 16 учуру катталган, алардын ичинен ЖАМКтын эки кызматкери учурда ведомстволук ооруканада дарыланып жатышат. Аскер кызматынын бир мүчөсү Республикалык жугуштуу ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ал эми калган кызматкерлер үй карантининде.
Учурда жаза аткаруу кызматынын мекемелеринде кармалып турган адамдардын арасында коронавирус инфекциясына чалдыккан бир дагы учур катталган эмес.