Бүгүн, 7-декабрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 67 миллион 9 миң 962 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 43 миллион 37 миң 397 бейтап айыгып чыкса, тилекке каршы, 1 миллион 535 миң 107 (+7135) адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 14 миллион 750 миң 316 болду. 282 миң 236 адам каза болсо, 5 миллион 624 миң 444 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 9 миллион 644 миң 222 адамдан аныкталды. 140 миң 182 адам каза болсо, 9 миллион 100 миң 72 бейтап айыкты.
Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 6 миллион 603 миң 540 адам вируска кабылган. 176 миң 941 бейтап көз жумса, 5 миллион 866 миң 657 бейтап оорудан сакайды.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.