Кечээ, 17-майда Орусиядан Бишкекке 378 жаран учуп келген. Анда тизмеге кирбей калган жарандар Шереметьево аэропортуна келип, тизме боюнча уча тургандарга тоскоолдук жаратканы, мындан улам каттам жолго чыгууда кечигип, жарандар арасында бир топ түшүнбөстүктөр орун алганы тууралуу маалымдалган.
Ал эми мекенине кайтып келген 378 жаран боюнча социалдык тармактарда ар кандай пикирлер айтылып, учакта көбүнчө эркек адамдар келгени тууралуу кеп болгон.
Мындан улам бүгүн, 18-майда милициянын полковниги, жарандарды өлкөгө кайтаруу боюнча атайын түзүлгөн комиссиянын мүчөсү Аскат Алиев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү таратты. Ага ылайык, азыркы тапта социалдык тармактарда кызуу талкууланып жаткан кептерге себеп жок. Мындан улам ал канча адам учуп келген болсо, алардын абалы тууралуу ачык маалымат берип кетүүнү туура көргөн.
"17-майдагы "Аэрофлот" компаниясы тарабынан Кыргыз өлкөсүнө 402 орундуктуу Боинг учагы 379 Кыргыз жараны менен мекенибизге Москва шаарынан учкан болчу. Бул каттамдын тегерегинде учак кетет экен деген күндөн баштап ар кандай өйдө-төмөн талаш-тартыштар жаралып келди. Бул боюнча түзүлгөн комиссия мүчөсү катары маалымат берип кетким келет. 12-майда коомдук уюмдардан, элчиликтин кызматкерлеринен турган комиссия түзүлүп, иш алып бардык. Комиссия күндө чогулуп, түнкү саат 3кө чейин олтуруп, элчиликте түзүлгөн Call-борборго, комиссия мүчөлөрүнө келип түшкөн миңден ашык жарандарыбыздын тизмесин карап, арасынан ооругандар, кош бойлуулар, карылар, хостелде жашап жаткандар жана 28-мартта акыркы каттамда уча албай калган жарандарыбыздан 402 адамдын тизмеси түзүлүп, "Аэрофлот" компаниясына жөнөтүлгөн. Ошол тизменин негизинде компания аэропорттун кассаларынан билети жокторго 12 миң 994 рублдан 15 миң 500 рублга чейин билет сатышты", - дейт ал.
Алиев кошумчалагандай, тизме боюнча коомчулукта бир тараптуу видео роликтерди көргөндөр тарабынан ар кандай сын-пикирлер айтылып жатат.
"Мен өзүм комиссия мүчөсү катары жүйөөлүү себептер менен изоляцияда отурганыма байланыштуу комиссиянын жыйындарына катыша албасам да, телефон аркылуу күнү-түнү байланышта болуп жаттым. Whatsapp` та түзүлгөн комиссия тайпасына түнкү саат 3тө олтуруп иштеп жатышкан фото-видеолорду жөнөтүп, жаралган маселелерди ортого салып талкуулап жаттык.
Учуп кеткен 379 адамдан 116 адам ооругандар, 27 адам оорулууларды коштоочулар, 8 адам ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер, 38и карылар, 78и кош бойлуу айымдар, жашы жете элек балдары менен ата-энелер 77, 35 адам хостелдерден жана 28-мартта уча албай калгандар. Ушул тизме боюнча мекенге кетишти.
Тилекке каршы, аэропортто түзүлгөн тартипсиздик, бири-бирин сыйлабастык, жөөлөшмөй, түртүшмөйлөрдүн айынан саат 07:40тагы каттам 09:11ге жылдырылып, ошондо да 23 адам каттоого жетишпей калды. Калып калган 23 адамдан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер, кош бойлуу, оорулуулар дагы жок эмес".
Ал талкуу болуп жаткан маселеде жалаң жаштар тизмеге кириптир, калыс эмес каралыптыр деген пикирлер боюнча буларга токтолот.
"Айта кетсек, жанагы бир тараптуу видеолордо көрсөтүлгөн жаштар боюнча 77 ата-эне жаш балдары менен, 27 жаран ооругандарды коштогондор жана 35 адам мурда учпай калгандар. Ошондо 139 адам жаштарга кирип калат экен. Анан ошолорду бир тараптуу талкуулап, ар кандай ой-пикирлер жаралып жатат. Эң башкысы жашпы, карыбы, бардыгы биздин карапайым эмгек мигранттарыбыз. Бир дагы мамлекеттик кызматкер, депутат, бизнесмендер тизмеге кирген жок.
Ошол күнү-түнү бекер, комиссияда чын дили менен иштеп берген кыргыз диаспорасындагы кыз-жигиттерге, аэропортко түндө барып, комиссияга жардам берип элге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн активисттерибизге терең ыраазычылык билдиребиз! Иш болгон жерде сын-пикир, кемчиликтер болбой койбойт экен. Учурдан пайдаланып сиздерге эң биринчиден чың ден соолук, аманчылык, ийгилик каалайбыз. Ушул оор күндөрдөн тезирээк ынтымакта, биримдикте чыгып кетели. Мамлекетибиз өркүндөп өссүн. Кармаган орозоңуздар кабыл болсун!" - деп билдирген Алиев.