Орусияда акыркы бир сутка ичинде коронавирус аныкталган адамдардын рекорддук көрсөткүчү катталды

Орусиянын 85 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 7 миң 933 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 96 бейтап каза болсо, 1 миң 601 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус аныкталган 7 миң 933 адамдын ичинен:

Москва шаарында - 3 миң 561;

Москва облусунда - 797;

Санкт-Петербург шаарында - 349;

Свердлов облусунда - 232 адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул аталган өлкөдөгү сутка ичинде коронавирус аныкталгандардан рекорддук көрсөткүчү болду. Буга чейинки рекорддук көрсөткүч кечээ, 30-апрелде катталган. Анда сутка ичинде 7 миң 99 адамдан вирус аныкталган.

Бул көрсөткүч менен Орусияда жалпы 114 миң 431 адамдан вирус аныкталган. 1 миң 169 адам каза болсо, 13 миң 220 бейтап айыгып чыккан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KalenAlmaz
2020-05-01 14:38:41
Карантец!
0
aiza.kyrgyzkyz
2020-05-01 15:36:25
Аллахым бул апааттан аман эсен алып чыксын, Аминъ. Момун мусульмандардын туткан орозосу кабыл болсун аты жаман вирус жок болсун.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан