18-майга карата коронавирус менен ооруган бейтаптардын ичинен 23 адам стационарлардан чыгарылды. Муну менен өлкөдө бул оорудан айыккандардын жалпы саны 827.
Өлкө боюнча сутка ичинде дагы 78 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Муну менен өлкөдө коронавирус аныкталгандардын саны жалпы 1 миң 216га жетти.
Кыргыз өлкөсүнүн аймагында коронавирус диагнозу менен ооруканаларда 375 адам жатат. Анын ичинен алтоо жандандыруу бөлүмүндө, обсервацияда 2236 адам жатат.
Соль-Илецктен келген Кыргыз жарандарынын арасында чыр-чатак чыгаргандар болду. Кечирээк кайталанып тапшырылган анализдери таза чыккан 421 адам үй карантинине жиберилери маалымдалды. Жалпы өлкөгө кайтып келген 541 адамдан анализ алынып, 43үнөн вирус аныкталган. Алар менен тыгыз байланышта болгон 19 адам обсервацияда калат.
Кафе жана ресторандардын ээлери санитардык-карантиндин талаптарын бузуп, кечинде ифтар өткөрүүгө шарт түзүп жатышкандары маалым болуп, министрлик чара көрүлөрүн эскертти.
Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты, 25-мартты, 26-мартты, 27-мартты, 28-мартты, 29-мартты, 30-мартты, 31-мартты, 1-апрелди, 2-апрелди, 3-апрелди, 4-апрелди, 5-апрелди, 6-апрелди, 7-апрелди, 8-апрелди, 9-апрелди, 10-апрелди, 11-апрелди, 12-апрелди, 13-апрелди, 14-апрелди, 15-апрелди, 16-апрелди, 17-апрелди, 18-апрелди, 19-апрелди, 20-апрелди, 21-апрелди, 22-апрелди, 23-апрелди, 24-апрелди, 25-апрелди, 26-апрелди, 27-апрелди, 28-апрелди, 29-апрелди, 30-апрелди, 1-майды, 2-майды, 3-майды, 4-майды, 5-майды, 6-майды, 7-майды, 8-майды, 9-майды, 11-майды, 12-майды, 13-майды, 14-майды, 15-майды, 16-майды, 17-майды окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.