Коронавируска каршы күрөшүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын эсебине 136 миллион 98 миң 149 сом түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул 30-апрелге карата түшкөн эсептин суммасы. Ал эми Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин депозиттик эсебине келип түшкөн каражаттардын жалпы суммасы 17 миллион 178 миң 99 сомду түздү.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов гуманитардык жардамдарды кабыл алуучу эки эсеп иштеп жатканын билдирген. Биринчиси Саламаттыкты сактоо министрлигине, экинчиси Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жардамдар түшөт. Ал жерден түзүлгөн комиссия каражаттарды бөлүштүрөт.