"Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 96 миң үй-бүлө жардамга муктаж, 78 миң адам жумушсуз" дейт биринчи вице-премьер

Бүгүнкү күндө 96 миң үй-бүлө жардамга муктаж. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

"Өлкөдө 96 миң үй-бүлө жардамга муктаж, 78 миң адамдын жумушсуз деген расмий макамы бар. 80 миңден ашык үй-бүлөгө жардам берилди. Өзгөчө абал киргизилген аймактарда жардам берүү активдүү түрдө көрсөтүлүп жатат. Учурда эң негизги азык-түлүктөрдүн баалары жөнгө салынды. Орусиянын премьер-министри менен сүйлөшүү жүрүп, 28 миң тонна буудай жүктөлүп жатат. Жакын арада келүүсү күтүлүүдө", - дейт Боронов.

Учурда Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен отуруму өтүп жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан