Африка өлкөлөрүнөн, Кариб бассейнинен чыккан теги африкалык британиялыктар башкаларга салыштырмалуу коронавирустан көп көз жумууда. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, каза болгондордун саны Бангладеш, Пакистан тектүү этникалык азчылыктар арасында да көп. Өлкөнүн мигранттар жашаган жакыр аймактарында коронавирустан күнүнө башка жакшы аймактарга салыштырмалуу эки эсе көп адам көз жумат.
Макаланын авторлорунун айтымында, бул көрүнүштү социалдык-экономикалык абал менен түшүндүрсө болот. Мындан сырткары мигранттардын көпчүлүгү өнөкөт оорулар менен жабыркайт.
Улуу Британияда жалпы 207 миң адамдан коронавирус аныкталган, анын ичинен 30 миң 615 адам каза болгон.