"Депутаттын иниси вирусту Токтогул районунан жуктурганбы?". Буга облус башчысы жооп берди

Бүгүн, 21-майда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов онлайн маалымат жыйынын берди.

Жыйындын жүрүшүндө Мирзахмедовго "Жогорку Кеңештин депутатынын иниси коронавирус жуктуруп алганы айтылып жатат. Ал киши Токтогул районунан жуктурган деген маалыматтар бар" деген суроо берилди.

Буга өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү төмөндөгүдөй жооп берди:

"Негизи бизде ооруган адамдын аты-жөнү айтылбайт. Ошого байланыштуу ал депутаттын иниси же жокпу деген суроо боюнча так маалымат бере албайм. Ошол эле мезгилде Токтогул районунун тургуну болгон жаран вируска чалдыккан. Ал Орусиядан чоң жүк ташуучу унаа менен келип, Талас облусу аркылуу өткөн. Ал жактан ПЦР-анализ тапшырганда, андан коронавирус аныкталган. Бирок анын унаасында тез бузулуучу азыктар болгондуктан, ал жерден коё берилген. Токтогул районуна келип, 26 адам менен байланышта болгон. Бүгүнкү күндө ал 26 адам такталып, үй карантинине алынды. Ал эми вирус аныкталган жарандын өзү Жалал-Абад шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды", - деди Нурболот Мирзахмедов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
-BOSS-
2020-05-21 15:44:57
Кызык го, вирус аныкталса кайра коё берип, анысы барып 26 адам менен контакт кылса. Элди неге 2 айдан бери камап олтурасыңар. Ошол камаздын айдоочусун ошол жерден алып калып башка айдоочуга айдатса болот беле, же медицина кызматкерлери коштоп келип эч кимге жолуктурбай алып кетишсе болот эле го.
+2
Alinur96kg
2020-05-21 16:09:53
Эмне деп эле башты оорутуп атышат.Ал депутаттын иниси машина меники эмес,ал ошко кетмек,мен уйумо чейин эле ошол машина менен келгем,менин анализим таза болчу деп айтып атат.Ал келип алып айылдарды кыдырып кетиптир.Вирус аныкталса аны эмнеге жиберип койушту.Анысы келип алып товарын откоруп журду да айылдарды кыдырып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан