Өкмөт: "Үй карантинин бузган жарандарга 3 миң сомдон айып пул салынды"

Жарандарга вирустун жугушунун жана өлкө аймагына COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу максатында атайын жайлар даярдалган. Вирус жуктурду деп шектелгендерди инфекциянын инкубациялык мезгилинде оолак кармоо үчүн даярдалган обсервациялык жайларга 9 миңден ашык адам жайгаштырылган, алардын 7 202си медициналык кароонун жыйынтыгы менен үйлөрүнө карантинге жиберилген. Жалпысынан үй карантинин бузгандыгы үчүн 45 адам жоопко тартылган. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Карантин киргизилгенден бери 2020-жылдын 4-майына карата Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси боюнча 8 жаран, 281-беренеси боюнча 1 жаран жоопкерчиликке тартылган. Жоруктар жөнүндө кодекстин 1271-беренесине ылайык 11 адам, 1191-беренесине ылайык 2 адам жоопко тартылууда. Алар боюнча материалдар сотко жөнөтүлгөн. Бузуулар жөнүндө кодекстин 293-беренесине ылайык 23 адам жоопкерчиликке тартылган, аларга 3 миң сомдон айып пул салынды. Жалпысынан үй карантинин бузгандыгы үчүн 45 адам жоопко тартылды", - деп билдиришти өкмөттүн маалымат кызматынан.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан