Тогуз-Торо районундагы Макмал алтын кенине келген 10 Кытай жараны коронавируска байланыштуу ооруканага жаткырылган

Тогуз-Торо районундагы Макмал алтын кенине келген 10 Кытай жараны коронавируска байланыштуу Бишкектеги клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылган. Бул тууралуу облустук администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн, 5-февралда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов баштаган жетекчилер, район акимдери, шаар мэрлери, айыл аймак башчыларынын жана тиешелүү адистердин катышуусунда жыйын өтүп, анда коронавирустун алдын алуу боюнча сөз болду. Жыйында 31-январь күнү Тогуз-Торо районундагы Макмал алтын кенине келген 10 Кытай жараны коронавируска байланыштуу Бишкектеги клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылганы жөнүндө маалымат берилди. Ошондон улам Чаткалдагы алтын кенинде иштеген башка Кытай жарандарын да текшерүү керектиги жөнүндө сөз болду", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Margo82
2020-02-05 22:12:41
Строго текшеришсин фирмаларды,акчаны оозу мурдуна,тыгып койсо кетип калып,эртен ии жакшы болчу не болду билбейбиз деп былжырап отуруп калышпай .
Бир нерсе болсо Эми Эл туп которулот канча махинацияларга чыдап журушот.
+13
nazarKGZ
2020-02-05 22:36:25
Чондор биздин тугубузго жеткидейго акчаны деле жеп атышат эми кытайларды киргизип атышат оруса деле
+12
bond02
2020-02-05 23:10:25
Аларды кайсы айбан чек арадан откорду?
+9
aza84
2020-02-05 23:15:02
Соке менен Раимдын былыктарыго элди ойлобойт экенго карабашынан башка
+10
Azkoni
2020-02-05 23:35:31
Ощондо бизде ооруган он кытай барбы?тугонгурдуку десе!!!
+6
anash
2020-02-05 23:43:31
Кечигип койгула +басам деп -басылып кетти
+3
Omush94
2020-02-05 23:52:13
Бирок эркекче айтсам кокус вирус Кыргызстанга кирип калчу болсо кырылып калабыз. Өнүккөн акчасы көп Кытай эч нерсе кыла албай эли башка жакка качып атат.
+8
pero5184
2020-02-05 23:56:48
Ой анан кирбей не болуп атат ,кирди деп жазып жатышат го, калганы бир Кудайдын колунда
+1
KG.Kushtarbek
2020-02-06 00:44:35
Ойооо Серьёзно проблема
+2
Margo82
2020-02-06 00:51:51
чондор ,кынк мынк деп ар созду айтып отурушуп Эми,10 кытай больницада дешкенин ,млиииин Ким гарантия берет алар соо экенине.
фирмалардагы кытайлар жаны жылына кетишкен али канчоосу келди экен.
+11
Zhoro
2020-02-06 01:11:39
Эмне десем ? Соз жок жазганга кол барбайт мынча, неге, Кыргыз бошсун киргизип алып эми текшерип отур ...
+11
Kyrgyz_bloger
2020-02-06 04:28:46
Мына кызык Жалал Абаддан Бишкеке алпарып жаткызгандай серьезный бирдеме болду бекен?болбосо анчалык алыс алып барбайт эле,бир нерсеге тан калам да,мнеге башка олколордо Кытай жарандарынан оору чыкса оздорундогу ооруканаларга жаткызат,алып барып Кытайдын границасынан киргизип жибербейби.
+4
Kyrgyz_bloger
2020-02-06 08:16:01
Чондор элге кыянаттык кылбагыла,Жириновскийдин кандай маселе которгонун окудунарбы,средний азия менен дагы границаны жабыш керек деди,бизден вирус чыкса эл иштегени Россияга да бара албай калышы мумкун.
+3
kechirmeni
2020-02-06 09:57:57
президент, премьер, министр каякты карап отурасынар,
+3
kechirmeni
2020-02-06 10:30:41
Кытайларга ишениш жок, биз эле ооруйбузбу була деле оорусун деп атайылап жайылтышы деле мумкун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан