Исфана шаарында сел жүрдү (фото, видео)

Баткен облусунун Исфана шаарында бүгүн, 2-майда сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-май күнү саат 18:30дар чамасында Лейлек районунун Исфана шаарында жаап өткөн мөндүрдүн кесепетинен Восточный көчөсүндө жайгашкан турак үйлөрдүн короолорун суу каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине саат 19:00дө ӨКМнын Лейлек райондук бөлүмүнөн 3 кызматкер чыгып кеткен.

"Министр Замирбек Аскаровдун тапшырмасы менен Лейлек районуна министрдин орун басары Равшан Рысбаев жетектеген ыкчам топ жөнөп кетти. Министр абалды жеке көзөмөлүнө алды. Кошумча маалымат берилет", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
OKEI
2020-05-02 20:53:23
Астагфируллах.Сабр кылыныздар
+4
aida007
2020-05-02 21:27:56
Аллахым ОЗУ сактасын канчалаган адамдардын уйлорун суу каптап кочодо калышты канчалаган бодо малдар агып Кетти...
+3
filis
2020-05-02 21:31:05
Кырсыктан сактасын Тенирим.
-7
bond02
2020-05-02 21:36:08
Озбекстандан келген суу эмеспи?
-1
batleybesh
2020-05-02 21:52:41
bond02,оа озбекстандан агып отуп, Казакстан
анан Кытай Жак менен айланып келиптир!
+1
Gulaym-85
2020-05-02 21:37:59
Биздин район кудай сактасын тилсиз жоо деген ушул экен да
+2
Gulaym-85
2020-05-02 21:39:42
Жоок катуу жааган жамгыр ылдый агып селге айланып кетет себеби ошол эле Озбекстан менен чектешпейбиз. Биз Тажикстан менен чектешпиз
+1
KG_7755
2020-05-03 00:29:40
Ансыз да карантинде кыйналып турган элге кыйын болуптур. Элге сабырдуулук. Бул да чоң сыноо. Аман болунуздар туугандар.
+4
Chungyz
2020-05-03 00:57:18
Ушул селдин артынан селдей жакшылыктар келсин
+6
Nurdinova
2020-05-03 10:45:09
Ушул сел мн бирге вирус да агып кеткен болсун Аллахым бир жамандыктын артынан сөзсүз бир жакшылык берет буюрса
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан