Каза болгон бейтаптар тууралуу маалымат берилди. Экинчи бейтап Екатеринбургдан келген

Бүгүн, 3-май күнү Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова жана Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча брифинг өткөрүштү.

Брифинг учурунда каза болгон жарандар тууралуу суроо берилди. Ал боюнча Айнура Акматова төмөнкүдөй маалымат берди.

"Каза болгон Жалал-Абаддын тургуну Екатеринбургдан Кыргыз өлкөсүнө 28-апрелде учуп келип, алгоритмге ылайык, обсервацияга жаткырылган. 29-апрелде коронавирус аныкталганына байланыштуу Бишкектеги клиникалык жугуштуу оорулар ооруканага жаткырылган. Дарылоо жүргүзүлгөнүнө карабай, бейтап көз жумду. Андан коронавирустан тышкары жүрөктүн тубаса ишемиялык илдети, атеросклероз, тубаса бөйрөк жетишсиздиги жана инсулинге көз каранды кант диабети аныкталган.

Ал эми кесиптешибиз тууралуу, буга чейин №3 Үй-бүлөлүк медициналык борборунун кызматкерлеринен коронавирус аныкталганы айтылган. Жүзүмкан Көкүмбаева вирус жуктурган кызматкер менен байланышта болгон. Андан да вирус аныкталган соң 24-апрелде Бишкектеги клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына дарылоо үчүн жаткырылган. Кесиптешибизге коронавирус инфекциясы жана оор өткөн эки тараптуу пневмониясы, дем алуу жетишсиздиги жана баш мээсинде шишик диагнозу коюлган. Маркум кесиптешибиздин үй-бүлөсүнө миллион сомдук компенсация төлөнүп берилиши каралууда", - деп билдирди Акматова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан