Беларусь өлкөсүндө Жеңиш майрамына арналган жөө жүрүш өткөрүлмөй болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Миңдеген беларусь эли Минскте Улуу Ата Мекендик Жеңиш майрамынын 75 жылдыгына карата жөө жүрүштүн өтүүсүн каалашат. Эгер биз коронавирус эпидемиясынан чочулап өткөрбөй койсок, эл биздин чечимибизди колдобой коюусу мүмкүн. Беларусь - согуштун тирүү эстелиги", - деген президент Лукашенко.
Ошондой эле президент эпидемиолог жана вирусологдордун көз карашында аталган иш-чара өлкө үчүн андай деле чоң коркунуч туудурбай тургандыгын айтат. "Анткени мурунку жылкы өткөрүлгөн иш-чараларда чектөө коюлбаса деле эл өзү билип коопсуздукту, эрежелерди сакташкан", - дейт Лукашенко.
Беларуста 7000ден ашуун адам коронавирустан улам жөө жүрүштү өткөрбөө боюнча петиция чогултушкан. Ага жооп катары Коргоо министрлиги өлкөдөгү эпидемиологиялык абал иш-чараны өткөрүүгө коркунучтуу эмес деген бүтүм чыгарган.
3-майга карата катталган статистикага ылайык, Беларуста 15 миң 828 адам коронавирус жуктурган, 97 адам каза болгон. Буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму өлкөгө карантин жарыялоо керектигин эскертишкенине карабай Беларуста чектөөлөр киргизилген эмес.