Кубатбек Боронов: "Семетей" обсервациясындагы жандандыруу бөлүмүндө түзүлгөн шарттар адам өмүрлөрүн сактоого көмөк берет"

Премьер-министр Кубатбек Боронов "Семетей" обсервациясынын иши менен таанышып, көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

"Семетей" обсервациясындагы жандандыруу бөлүмүндө түзүлгөн шарттар адам өмүрлөрүн сактоого көмөк берет. Бүгүнкү күндө COVID-19га шектелген оорулууларды кабыл алып жаткан көптөгөн медициналык мекемелер өнөкөт оорусу бар бейтаптарды кабыл ала алышпайт. Учурда дал ушул "Семетей" обсервациясында 600дөн ашуун оорулуулар дарыланууда. Ошондуктан обсервациянын аймагында жандандыруу бөлүмү уюштурулган. Мында Бишкек шаарынан жана Чүй облусунан да оорулууларды алып келүүдө", - деди Кубатбек Боронов.

Башкы реаниматолог Жамиля Чынгышова маалымдагандай, учурда жандандыруу бөлүмүндө 50 адамга эсептелген орун бар.

"40ка жакын врач-реаниматологдор, ошондой эле клиникалык ординаторлор 4 нөөмөттө иш алып барууда. Жандандыруучу блок бардык зарыл жабдуу менен жабдылган. Оорулууларды кычкылтек менен камсыздоо үчүн мында суюк кычкылтек концентраторлору жана өпкөнү дем алдыруучу аппараттар орнотулган. Жандандыруу бөлүмүнө дарты оорлошкон бейтаптар жаткырылгандыктан, жоготуулар да орун алууда. Медициналык кызматкерлер адам өмүрүн сактоого колдон келген күч-аракетин жумшап жатат", - деп белгиледи реаниматолог Жамиля Чынгышова.

Өкмөт башчы зарыл болгон учурда кошумча күч тартыларын баса белгиледи.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
asefsa
2020-07-13 13:31:33
Онокот ооруусу барлар каяка барып корунот анда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан