Казакстанда коронавирус жуктургандардын эң төмөнкү көрсөткүчү катталды

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 3 миң 920га жетип, ооругандардын саны азаюуда. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү булактары жазып чыгышты.

Казакстанда акыркы суткада жаңы 63 адам коронавирусун жуктурганы аныкталды. Бул 15-апрелден берки эң төмөнкү көрсөткүч экендиги айтылат. 3-майда коронавирустан 89 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган. Бул сакайгандар боюнча жогорку көрсөткүч дешет басылмалар. Ошондой эле 2 жаран вирустан каза болгон.

Ошентип, Казакстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 3 миң 920 адамга жетип, 27 жаран каза болгон жана 1 миң 84 бейтап айыгып чыккан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Gulaym-85
2020-05-04 09:48:26
Жакшы жанылык кудайга шугур
+2
modem4999
2020-05-04 13:11:55
Айыгып кетиниздер .
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан