Коронавирус: кантип жугат, оорунун белгилери кандай, сактануу жолдорун билесизби? Маалымат топтому (фото, видео)

КОРОНАВИРУС ЖУКТУРУП АЛБАЙЫН ДЕСЕҢИЗ, САКТАНУУ ЖОЛДОРУН БИЛҮҮ МААНИЛҮҮ

1. Колду бат-баттан жана аз дегенде 20 секунд самындап жууш керек. Албетте, эптеп-септеп эле жууп коюу жардам бербейт. Эрежесин видеодон көрүп алыңыз.





2. Колду жууганга шарт жок болуп калса, антисептикалык каражаттар жардамга келет. Курамын карап коюңуз, спирттин көлөмү 60 пайыздан жогору болушу шарт.

Учурда дарыканаларда антисептикалык каражаттар дээрлик калбагандыктан, аны үй шартында жасап алуу ыкмасын ушул шилтемени басып өтүп таап аласыз.

3. Колуңуз таза эмес учурда көз, мурун, оозуңузду кармалай бербеңиз.

4. Коомдук жайларда жок дегенде 1 жарым метрлик аралыкты сактоо керек. Кол беришип учурашпаңыз, кучакташпаңыз, өбүшпөңүз.

5. Адамдар көп топтолгон бардык жерге барууда абайлаңыз. Адам көп түшкөн учурда коомдук транспортко түшпөңүз.

6. Үйдөгү жана жумуш ордуңуздагы тазалыкты сактоо зарыл. Терезени ачып, желдетип туруңуз.

7. Буюмдарыңызды ар кимге бере бербеңиз.










КОРОНАВИРУС КАНТИП ЖУГАТ?

Аталган илдет аба аркылуу жугат. Мисалы, оорулуу адам жөтөлсө, анын оозунан чыккан түкүрүгү аркылуу башка кишиге өтөт. Же мурдун кармалаган колу менен оорулуу адам эшикти же башка буюмду кармаса, аны илдетти жуктура элек адам келип кармап, кийин ал колу менен көз, ооз, мурдуна тийсе да жугат.

Коронавирустун баштапкы белгилери кадыресе сасык тумоо же суук тийип калууга окшош. Жөтөлгөн же чүчкүрүп жаткан адам бет кап тагынышы керек. Шектүү симптомдор байкалса, "Тез жардам" чакырып, же республикалык штаб жарыялаган телефон номерлерине байланышуу керек.




Бет кап да дарыканаларда дээрлик жок болуп жаткандыктан, марли же башка кебезден өзүңүз эле тигип алсаңыз болот.


Коронавирустан коргонуунун эң мыкты жолу - бул гигиенаны сактоо
Абдылда Иманкулов жана Назира Айтбекова коронавирустун алдын алуу чараларын айтышты
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
erlan2196
2020-03-22 09:39:19
Абдышукур молдого окшоп мечитте жасалма ыйлап, пияр жасаганды токтоткулачы молдолор. Силердин ыйлаганыр ушундай оор учурда бир тыйынга да жарабайт.
-19
robot111
2020-03-25 13:21:04
Кайрымдуулук жасайлы. Бири-бирибизге камкордук көрөлү. Бирок, ошону менен мактанбайлы. Биз мактансак да, мактанбасак да, жасаган иштерибизди төбөдөн көрүп турган улуу Зат бар. Ашкере байлардын таратып жаткан ун-майларына мактанганы коомчулукта терс-пикирлерди жаратып жатканын да туура түшүнгүлө. Айтылып жаткан терс пикирлерде да чындык басымдуу экенин моюнга алгыла. Андыктан жардам кимдин атынан экенин даңазалабай эле жасасаңар, анын сообу да көбүрөөк болот, терс пикирлер да айтылбайт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан