Санкт-Петербург шаарынын губернатору Александр Бегловдун берген маалыматына ылайык, ооруканадагы 28 бейтап жана 16 кызматкер коронавирус жуктурган. "Вирус менен ооругандар №3 Шаардык психиатриялык ооруканасынын өзүнчө корпусуна жайгаштырылат. Ал эми ал жакта коронавирус кайдан пайда болуп калды, аны атайын комиссия иликтейт", - дейт губернатор.