4-майга карата Бишкек шаарындагы 16 жаңы конуштан 69 адамдан коронавирус аныкталды (тизме)

Бүгүн, 4-майга карата Бишкек шаарындагы 16 жаңы конуштан бардыгы болуп 69 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу борбор калаанын вице-мэри Татьяна Кузнецова онлайн брифинг учурунда айтты.

"Бишкек шаарындагы 16 жаңы конуштан 69 адамдан вирус аныкталды. Алардын ичинен эң көп катталганы:

Ленин районунда: Арча-Бешик жаңы конушунда 21 адам, Ак-Өргөдө 3, Ынтымак жаңы конушунда 3, Ак-Ордодо 2 адам;

Октябрь районунда: Көк-Жар жаңы конушунда 5 адам, Кара-Жыгачта 1 жана Алтын-Ордодо 1 адам;

Биринчи Май районунда: Ак-Босого 13 адам, Көлмөдө 11, Тынчтык, Касым, Мурас-Ордодо 1ден адам;

Свердлов районунда: Учкун жаңы конушунда 2 адам, Керамическаяда 2, Кызыл куруучулар жаңы конушунда жана Эне-Сайда 1ден адам катталды", - деп билдирди Кузнецова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
beishen93
2020-05-04 12:57:33
Баары бугун чыккандарбы же бугунку кунго чейинки жалпы 69 чыкканбы
-1
modem4999
2020-05-04 13:08:58
beishen93,баары
+1
marat_1910
2020-05-04 13:16:26
бугун чыкандарбы же башталгандан бериби? тактап жазып койсонор
-1
Азат Бейшенбеков
2020-05-04 13:35:36
marat_1910,Саламатсызбы? Бишкек шаарындагы жаңы конуштардагы аныкталгандардын жалпы саны. Бүгүнкү күнгө чейинки.
-1
tynara81
2020-05-04 13:23:42
Анан эмне сутка ичинде 35 деп турат?
-1
uli0404
2020-05-05 00:11:30
Грипп болгон адамдарды эле чогултуп алып коронавирус деп акча жеше берет эми булар
0
ashirbaev78
2020-05-04 13:47:22
+медицина кызматкерлер менен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан