Бир сутка ичинде өлкө боюнча Бишкек шаарында 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Ал эми бир суткада ооруканадан 1 медкызматкер жана үй карантининен 18 медкызматкер айыгып чыгарылган.
Республика боюнча COVID-19 диагнозу жалпы 3 миң 160 медкызматкерге коюлса, бүгүнкү күндө анын 2 миң 635и айыгып чыкты.