Бүгүн, 24-мартта Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өттү. Анда депутаттар жана өкмөт өкүлдөрү бет капчан отурушту.
Президент Сооронбай Жээнбековдун Бишкек жана Ош шаарынын, Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндөгү жарлыктарга кол койгон.
Кезексиз жыйында президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев чыгарылган үч жарлык тууралуу учкай маалымат берди.
Жогорку Кеңештин депутаттары аталган үч жарлыкты бекитүүнү толук колдоо менен атайын токтом кабыл алышты.