20-майда Орусияда калган жарандар алып келинет. Тагыраагы, Оренбургдагы кыргыздарды алып келүү үчүн чартердик каттам уюштурулду. Мындай маалыматты Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Эки өлкөнүн сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгына ылайык, дагы бир чартердик каттамды уюштурууга мүмкүн болду. Бул каттам менен өлкөгө келүүдө кош бойлууларга, улгайган курактагы жарандарга, кичинекей балдары бар энелерге жана дарылануу үчүн келгендерге артыкчылык берилет. Өлкөгө алып келинген жарандар тиешелүү медициналык кароодон өтүшүп, обсервацияларга жайгаштырылат", - деп айтылат маалыматта.