17-мартка карата дүйнө жүзүндө коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 181 миң 584 болсо, алардын ичинен 7 миң 139 адам каза болду. Ал эми сакайып, ооруканадан чыккандар 78 миң 956 киши.
Вирустун очогуна айланган Кытайда коронавирус оорусунан жабыркагандар салыштырмалуу азайганы байкалууда. Бүгүнкү күнгө карата берилген маалыматка ылайык, 81 миң 42 адам вируска кабылып, 3 миң 230 киши каза болгон, айыккандардын саны 68 миң 776.
Вирустун экинчи очогуна айланган Италияда жуктуруп алгандар - 27 миң 980 болсо, каза болгондор - 2 миң 158, сакайгандар - 2 миң 749. Ал эми коронавирус жайылганы боюнча 3-орунда турган Иранда жуктургандар - 14 миң 991, каза болгондор - 853, айыккандар - 4 миң 996.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.