Дагы 70 адамды оору алып тынды. Өлкөдө коронавирус жана пневмониядан улам каза болгондордун саны миңден ашты

Дагы 70 адамды оору алып тынды. Өлкөдө коронавирус жана пневмониядан улам каза болгондордун саны миңден ашты. Бул тууралуу статистиканы республикалык штабдан таратышты.

Көз жумгандар төмөндөгү аймактардын тургундары:

Бишкек – 35;
Чүй облусу – 7;
Ош облусу – 9;
Ош – 2;
Талас облусу – 4;
Нарын облусу – 1;
Жалал-Абад облусу – 8;
Баткен облусу – 4.

Илдеттен улам каза болгондордун жалпы саны 1003 кишини түздү.

Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан статистикалык маалыматтарды тактоо иштери жүргөндүгүнө байланыштуу өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча маалымат өз убагынан кеч берилип жатат. Белгилей кетсек, маалыматтар кайрадан каралып, такталгандан кийин 16- жана 18-июлунда берилген маалымат менен айырмачылыктар болушу ыктымал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
muras111211
2020-07-19 19:31:19
Эми ойгондунарбы.
Статистика күнүгө эле эрте м н саат 10до маалымат берилип атты эле го.
+4
Эльвира Караева
2020-07-19 19:54:36
muras111211, штаб бүгүн статистиканы кечигүү менен таратты
0
Asula
2020-07-19 20:22:45
Бугун дем алыш эс алуучулар коп, эч нерсе болбойт кечиксе, сабырикылыш керек.
-4
mirlanpiter
2020-07-19 21:03:38
Англичандар короновирустан өлгөн адамдардын санын айтпай коюуну туура көрдү.. балким биз да ошондой кылсак элдердин психологиялык абалы жакшы болор беле...
+3
HHFRU
2020-07-20 09:20:54
mirlanpiter,туура пикир экен бир тараптан.
Башка жагынан караганда, КГда ошол өлгөндөрдүн саны көбөйүп, больницалар кабыл албай калганда гана ишене башташты көпчүлүк оруунун барына. Ага чейин ар кандай шылтоо менен ишенбей, маска такпай, дистанция кармабай жүрүштү.
Истина, скорее всего, где-то в середине.
Германия мисалы аябай тартип, дисциплина менен ооруну токтотуп калды азырынча, статистика күнүго жарыяланып турат.
Албетте, бул эки өлкөнү түзмө түз салыштыруу
0
HHFRU
2020-07-20 09:22:02
mirlanpiter, болбосо керек. Ошентсе да башка өлкөлөрдүн позитивдүү опытын үйрөнсөк болсо керек.
Менин жеке оюм.
Баарыңыздарга ден соолук!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан