Бүгүн, 6-апрелде Ош шаарында өткөн маалымат жыйында Ноокат районунун акими Давранбек Маматалиев жана Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов онлайн жыйында жарандар тарабынан берилген суроолорго жооп беришти. Анда коменданттык саат учурунда айылда спирт ичимдиктерин ичкен жарандардын көп болуп жатканы жана буга кандай чаралар көрүлө турганы тууралуу жаран тарабынан суроо узатылды. Анда жаран бийлик өкүлүнө "дүкөндөрдөгү арак сатууну азайтып же такыр токтотуп коюуга мүмкүнбү?" деп кайрылган.
"Райондун аймагындагы дүкөндөрдө спирт ичимдиктерин сатылышын азайтуу боюнча жыйындарда тапшырмаларды бергенбиз. Азыркы учурда укук коргоо органдары менен биргеликте бул багытта жер-жерлерде соодагерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз", - деп жооп берди аким.